ШАРТТАР ШАРТТАР ТУУРАЛУУ КЕЛИШИМ ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Интернет-сайтты жана «Электрондук виза» кызматын Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык төмөнкү шарттарда Билдирме ээси катары таанылган Билдирме ээси/керектөөчү үчүн иштеп чыккан.
2. Эгерде Билдирме ээси ушул Интернет-сайтка кирүүсүн жана андан пайдалануусун улантса, анда ал пайдалануунун төмөнкү шарттарын сактоого жана анын алкагында иш алып барууга макулдугун берет.
3. Келишимге кандайдыр бир жеке билдирүүсүз эле кайсы болбосун учурда өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн, бул учурда Билдирме ээси бул өзгөрүүлөр өзгөртүлгөн документ жайгаштырылгандан тартып дароо күчүнө кирээрине макул болот.
i. Билдирме ээситиешелүү өзгөртүүлөрдөн кийин ушул Интернет-сайтты пайдалануу менен ал аны карап чыккан, макул болгон жана өзгөртүлгөн документти кабыл алган катары санала тургандыгына макул болот.
ii. Билдирме ээси ал «электрондук виза» кызматын колдонууда жалган маалыматтарды атайлап сунуштабай тургандыгын, болбосо ага электрондук виза берилбей тургандыгына макул болот.
4.Билдирме ээси«электрондук виза» кызматынын бөлүгү катары, электрондук почта аркылуу алынган билдирүүдөгү маалыматтарды жасалмалап, өзгөртүп же кандайдыр бир негизде бурмалабай тургандыгына макулдук берет.
5. Эгер Билдирме ээси«электрондук виза» кызматы аркылуу өтүнүч берүүнү тандаса, анда ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жеке маалымат сунуштайт. Биз [Кыргыз Республикасынын Өкмөтү], эгерде буга мыйзамда тыюу салынбаса, ага кыйла натыйжалуу ыкмада көмөк көрсөтүү үчүн зарыл маалыматты башка мамлекеттик органдарга берүүгө укуктуубуз.
Биз Билдирме ээсинин жеке маалыматын өкмөттүк эмес уюмдарга бербейбиз, мында бул уюмдарга белгилүү бир мамлекеттик кызматтарды аткарууга тыюу салынбаган учурлар эске алынбайт.
6. Билдирме ээсинин уникалдуу жеке номери өтө маанилүү маалымат түзүүчү жана ал анын сакталышына жооп берет:
i. Билдирме ээси өз жеке номерин кимдир-бирөөгө, анын ичинде үй бүлө мүчөлөрүнө ачыкка чыгарбоого тийиш;
ii. кызматты пайдалануу учурунда анын номери кимдир-бирөөгө жеткиликтүү эмес экендигин тастыктоо үчүн зарыл чараларды көрөт.


ИШТӨӨ ГРАФИГИ:
1. «Электрондук виза»кызматы 24×7 жеткиликтүү, бирок: i. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кызмат Билдирме ээсине кайсы убакта болбосун же болбосо кайсы бир белгилүү убакытта сунушталаарына жана кайсы убакта болбосун үзгүлтүксүз иштейт деп кепилдик бербейт. ii. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кызматтын жеткиликтүүлүгүнө да кепилдик бербейт, бирок Билдирме ээсине кыйла сапаттуу кызматты сунушталышы үчүн бардык зарыл чараларды көрөт. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү зарыл учурларда системаны колдоо үчүн «электрондук виза» кызматынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн чектөө укугун өзүнө калтырат. 3. Биз Интернет-сайттын Баштапкы баракчасына билдирүүнү жайгаштыруу аркылуу система жеткиликсиз экендигин Билдирме ээсине/керектөөчүгө маалымдап туруу үчүн зарыл чараларды көрөбүз. Техникалык себептерге байланыштуу, системанын үзгүлтүккө учурашынан улам орун алган кандайдыр бир кемчиликтерге же жоготууларга жооп бербейбиз.

АКЧА КАРАЖАТТАРЫН ТӨЛӨӨ ЖАНА КАЙТАРЫП БЕРҮҮ САЯСАТЫ
1. e-Visa кызматы Билдирме ээсине төлөөлөрдү стандарттык төлөм каналдары аркылуу жүзөгө ашырылуучу төлөм системалары боюнча жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн сунушайт;
2. Билдирме ээсиколдонуудагы кредиттик карттар аркылуу гана төлөө ишке ашырылаарына жооп берет;
3. Билдирме ээси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан билдирмелердин текшерилиши жана кароого алынышы жана «электрондук виза» берилиши боюнча e-Visa кызматынын сунушталгандыгы үчүн төлөөнү ишке ашырат.
4.Билдирме ээсибилдирмелерди текшерүү, кароо (чогултулуучу сумма визанын түрүнө жана анын колдонуудагы мөөнөтүнө жараша болот)E-виза берүү үчүн төлөнүүгө тийиш болгон милдеттүү суммадан тышкары, Банк онлайн кызматтын сунушталгандыгы үчүн төлөнүүгө тийиш болгон сумманын 3% өз алдынча өндүрүп алат/белгилейт, мунун Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык мамлекеттик бюджетке чегериле турган милдеттүү суммага эч кандай тиешеси жок;
5. Билдирмени кароо оң же терс жагына чечилгендигине карабастан, акча каражаттары кайтарылып берилбейт.
6. e-Visa кызматы онлайн төлөм кызматтары боюнча кандайдыр бир кепилдиктерди, анын ичинде коммерциялык максатта колдонулушуна, белгиленген максатка (конкреттүү максатка ылайык) колдонуу үчүн жарактуулугуна же үчүнчү жактардын автордук жана аралаш укуктарынын бузулбашына, мыйзамда тыюу салынган мындай кепилдиктерден баш тартылгандыгы таанылган учурга чейин бере албайт.

КОРГОО ЭСКЕРТҮҮЛӨРҮ ЖООПКЕРЧИЛИКТИ ЧЕКТӨӨ ТУУРАЛУУ ЭСКЕРТҮҮЛӨР
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кызматтын сунушталышы үчүн бардык аракетин жумшаган шартта, Өкмөт төмөнкүлөр үчүн кандайдыр бир жоопкерчилик тартпайт:
i. кайсы болбосун маалыматты жоготууга же калыбына келтирүү/кайтаруу жөндөмсүздүгүнө, анын ичинде талапка ылайык колдонбоо, кимдир бирөөнүн кийлигишүүсүнөн улам жаңылыш жайгаштыруу, e-Visa кызматынын аракетин убактылуу токтото турууга же токтотууга алып келген жайгдайдын түптөлүшү;
ii. так эмес маалыматтарды камтыган кайсы болбосун маалыматка же E-виза кызматы аркылуу алынган же жөнөтүлгөн жеткиликтүү кызматтарга;
iii. e-Visa кызматынын порталындагы кайсы болбосун техникалык үзгүлтүктөргө, кемчиликтерге же катачылыктарга; же
iv. кандайдыр бир кечеңдетүүлөргө-токтоп калууларга жана Өкмөттүн маалыматтарды комплекстүү, техникалык, механикалык, системалуу иштеп чыгуунун натыйжасында же телекоммуникациялык кемчиликтерден же алардын деактивациясынан, форс-мажордук жагдайлардан, жарандык баш аламандыктардан же кандайдыр бир башка жагдайлардан улам келип чыккан жөндөмсүздүгүнө;
2. Мындан ары e-Visa кызмат көрсөтүү порталына үзгүлтүксүз же кандайдыр бир жаңылыштыктарсыз кирүү мүмкүн экендигине же аныкталбаган кемчиликтер четтетилээрине же Интернет-сайттагы маалыматта вирустар же башка кара ниет бузуучулар же зыяндуу коддор, агенттер, программалар же макро коддор жок экендигине кепилдик берилбейт.

Жоопкерчиликти алыпс алуу
1. Мамлекет төмөнкүлөрдөн улам келип чыккан кайсы болбосун тике, атайы же кыйыр түрдөгү чыгымдарды жана экономикалык жоготууларды кошо алганда, зыян тартууларга, жоготууларга же чыгымдарга эч кандай жоопкерчилик тартпайт:
i. е-Visa системасына кирүүдөн, пайдалануудан же пайдаланууга мүмкүн эместигинен же сайтка маалыматка ишенүүдөн;
ii. кайсы болбосун системалык, сервердик үзгүлтүккө учуроодон же туташуудагы кемчиликтерден, жаңылыштыктардан, аракеттенбей коюулардан, кийлигишүүлөрдөн же берүүнү кечиктирүүлөрдөн улам, же:
iii.компьютердик жабдууга, программага же анын башка менчигине кесепетин тийгизе турган, кайсы болбосун компьютердик вирустан же башка зыянкечтерден же бузуучу коддордон, программалардан же макрокоддордон улам;
2. Электрондук виза нушул документте так көрсөтүлгөндө башка эч кандай кепилдик бербейт;
3. Билдирме ээси ага/анын компьютердик системасына келитирилген зыянга же кандайдыр бир материалды жүктөөдөн улам маалыматтардын жоголуп кетишине толук жооптуу болот;
4.Билдирме ээсинин E-Visa же E-Visa онлайн төлөм сервиси аркылуу оозеки же жазуу жүзүндөгү алган эч бир маалымат же кеңеш ушул шарттарда көрсөтүлбөгөн кепилдикти бере албайт;
5. Билдирме ээси бул сайтты жеке өз жоопкерчилиги астында колдонооруна макулдугун берет.


Чыгымдардын ордун толтуруу
E-Visa веб-сайтын/кызматын колдонуу менен Билдирме ээси чыгымдын ордун толтурууга, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө (анын кызмат адамдарын, директорлорун, кызматкерлерин, агенттерин, укугу өткөндөрүн) зыян келтирбөөгө жана качан болбосун ар кандай сын-пикирлерден, соттук аракеттерден же талаптардан коргоого жана сиздин Интернет сайттан колдонууңуздун же анын колдонуу шарттарын бузгандыгынын натыйжасында келип чыккан финансылык чыгымдардын ордун жабууга макул болот.

Токтотуу
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз ыктыярына жараша системанын ишин кайсы убакта болбосун себептүү жана себепсиз токтотуу укугун өзүнө калтырат;
2. Өкмөт E-Visa вебсайтынын/кызматынын аркети токтогон учурда же ушунун натыйжасында келип чыккан кайсы болбосун кемчиликтерге, чыгымдарга же чыгашаларга жоопкерчилик тартпайт.