КЕРЕКТҮҮ МААЛЫМАТ


МАМЛЕКЕТТЕР БОЮНЧА МААЛЫМАТ
ПАЙДАЛУУ МААЛЫМАТ
КӨП БЕРИЛҮҮЧҮ СУРООЛОР (FAQS)
ВИЗА ТҮРЛӨРҮ ЖАНА ТИПТЕРИ ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ
КАЙРЫЛУУЛАРДЫН ҮЛГҮЛӨРҮ

Бул бөлумдө чет мамлекеттик жарандардын Кыргыз Республикасынын визасын алуу боюнча жалпы маалыматы көрсөтүлгөн. Маалымат алуу үчүн, мамлекетти тандаңыз. Жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын визасын алуудан бошотулган айрым мамлекеттер тууралуу маалыматты да көрө аласыз.

Кытай Эл Республикасынын Макао жана Гонконг Атайын административдик райондорунун туруктуу жашоочулары (жарактуу жүрүү документинин ээлери) 30 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз тартипте жүрө алышат.
Мальдив жарандарына (жарактуу жүрүү документинин ээлери) 30 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз тартипте жүрө алышат.


Режими Жалпы жарандык паспорту Кызматтык паспорт Дипломатиялык паспорт Жалпы жарандык паспорту *
Кыргыз Республикасын визасын алуу тартиби тууралуу жана башка керектүү маалыматтарды, ошондой эле чет мамлекеттик жарандардын Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүү тартиби жөнүндөгү маалыматты "Мамлекеттер тууралуу маалыматтар" бөлүмүнөн көрө аласыздар
Чет мамлекеттик жарандар жана жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасына келгенден кийин 5 күндүк мөөнөт ичинде каттоо иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан каттоодон өтүүсү керек.
Виза үчүн болгон төлөмдү кредиттик жана дебиттик карталары аркылуу жасоого болот. Кредиттик жана дебиттик картаңыз сөзсүз түрдө Сизге таандуу болушу талап кылынбайт. Сураныч, кредиттик картаңыздын эл аралык төлөмдөрдү аткарууга мүмкүнчүлүгү бар же жок экендигин текшерип койуңуз.
Электрондук визаны алуу үчүн берилген арызыңызда ката жок экендигин дагы бир ирет текшериңиз. Туура эмес жана ката толтурулган арыздар каралбайт.
Арызыңыз катанын кесепетинен четке кагылса, электрондук визага болгон төлөм кайтарылбайт
Туристтик топ визасы 15 кишиге чейин каралып 1 айлык мөөнөткө чейин берилет
Пожалуйста, воздержитесь от покупки авиабилета до получения уведомления об одобрении вам электронной визы.

e-Visa
Е-виза деген эмне?

Е-виза бул Кыргыз Республикасына кирүү үчүн уруксат алуунун эң жөнөкөй ыкмасы. Бул үчүн онлайн билдирмени толтуруп, кредиттик/дебеттик карт аркылуу төлөө гана зарыл. Ушул портал аркылуу тастыктоону алгандан кийин электрондук визанын колдонуудагы мөөнөтү ичинде Сиз Кыргыз Республикасына кире аласыз.


Электрондук визаны ким ала алат?

Белгилүү бир мамлекеттердин жарандары зарыл талаптарга жооп берген шартта электрондук виза ала алышат. Электрондук виза алуу мүмкүнчүлүгү боюнча маалымат алуу үчүн «Өлкөлөр боюнча маалымат» бөлүгүнө өтүп, өлкөнү тандаңыз.


Транзиттик аймактан чыгып кетүүнү пландаштырбаган учурда электрондук виза алуунун зарылчылыгы барбы?

Жок. Эгер сиз транзиттик аймактан чыкпасаңыз, виза алуунун кажети жок.



Билдирме берүү
Билдирме берүүдө тилди тандай аламбы?

Жок, сиз билдирмени англис тилинде толтурууга тийишсиз.


Билдирмени бергенден кийин гана мен айрым маалыматтарды оңдоо керек экендигин көрдүм. Эмне кылуум керек?

Билдирме берүү процесси бир нече кадамдан турат. «Алдын ала кароо» бөлүгүнөн сиз толтурулган маалыматтарды текшерип, зарыл болсо оңдоолорду киргизе аласыз. Төлөгөндөн кийин сиз өзгөртүү киргизе албайсыз.


Мен билдирменин биринчи бөлүгүн толтуруп, электрондук почтама тастыктоо кодун алдым. Тастыктоо үчүн убакытта кандайдыр бир чектөөлөр барбы?

Ооба, тастыктоо кодунун мөөнөтү 72 саатты түзөт. Сиз электрондук почтаңызга тастыктоону алгандан кийинки 72 саат ичинде тастыктоону аткарууңуз керек. Болбосо, сиздин билдирмеңиз жокко чыгарылат жана сиз билдирмени жаңыдан толтурууга туура келет.


Эгер мен электрондук визага билдирмени толук толтурбай калтырып койсом, кийинчерээк аны толтурууну уланта аламбы?

Ооба. Сиз «Билдирмени улантуу» бөлүгүнө кирип, электрондук почтаңызга жөнөтүлгөн өздүк номериңизди киргизүүңүз зарыл. Андан соң сиз токтогон бөлүккө өтө аласыз.


Мен электрондук визага билдирменин статусун кантип биле алам?

Сиз билдирменин статусун ушул бөлүктөн биле аласыз. Болгону «Статусту текшерүү» бөлүгүнөн «өздүк номериңизди» киргизиңиз. Сиз билдирмеңиздин статусу тууралуу маалымат ала турган «Билдирменин статусу» бөлүгүнө өтөсүз.



Кетирилген каталар
Мен билдирмени толтурдум, бирок тастыктоо кодун ала алган жокмун?

Электрондук почтаңыздан «спам» папкасын текшериңиз. Эгерде анда каттар жок болсо, сиз жаңы билдирме толтуруп, башка электрондук даректи көрсөтүңүз.



Төлөө/кайтарып берүү
CVV/CVC/CVC2 деген эмне?

CVV/CVC/CVC2 VISA картынын артынан табууга болот, бул карт ээсинин кол тамгасынын жанындагы жети орундуу сандын акыркы үч саны.


Электрондук виза канча турат?

Визанын баасы анын категориясына жана мөөнөтүнө, ошондой эле орток бөлүнүшүнө жараша болот.


Электрондук визага кантип төлөсөм болот?

Маалыматтар текшерилип, билдирме тастыкталгандан кийин «Төлөө» бөлүгү пайда болот, андан сиз электрондук төлөм системасы аркылуу төлөй аласыз.


Картта менин атым болууга тийишпи?

Жок. Электрондук визага төлөө үчүн кредиттик/дебеттик картта сиздин атыңыздын болушу милдеттүү эмес.


Мен төлөнгөндүгү тууралуу эсеп ала аламбы?

Биз электрондук визага төлөнгөндүгү тууралуу эсеп бере албайбыз. Төлөнгөндөн кийин сиз электрондук дарегиңизге төлөнгөндүгү тууралуу тастыктоо аласыз. Тастыктоодо төлөнгөн сумма жана билдирмедеги маалыматтар көрсөтүлөт.


Электрондук визаны берүүдөн баш тартылган учурда мага акчамды кайрып беришеби?

Жок. Жыйынтыкка көз карандысыз, электрондук визага төлөнгөн каражат билдирме ээсине кайтарылып берилбейт.


Электрондук визадагы маалыматтар менен паспорттогу маалыматтар дал келбегендигин байкадым. Мен электрондук визамдын жараксыз экендигин билем. Акчамды кайра ала аламбы?

Жок. Билдирме ээси билдирмедеги кемчиликтер үчүн өзү жооп берет.


Эгер мен электрондук визаны колдонбосом, акчамды кайрый аламбы?

Жок. Электрондук визага төлөнгөн каражат кайтарылып берилбейт.



Документтерге карата талаптар.
Электрондук визага кандай документтерди берүү зарыл?

Сизге колдонуудагы жол жүрүү документи, сүрөт, кредиттик\дебеттик карт зарыл болот. Мындан тышкары, суралып жаткан визанын категориясына жана түрүнө жараша кошумча документтер талап кылынышы мүмкүн.


Документтер кайсы тилде сунушталууга тийиш?

Бардык документте кыргыз же орус тилине которулууга тийиш.



Жүргөн мезгили/ визанын колдонуудагы мөөнөтү
Визанын колдонуудагы мөөнөтү менен келүү мөөнөтүнүн ортосундагы айырма канчалык?

Визанын колдонуудагы мөөнөтү келүү мөөнөтүнөн көбүрөөк. Колдонуудагы мөөнөт катары визаны колдонгон биринчи жана акыркы күндөр белгиленет. Виза колдонуу мөөнөтүнүн акыркы күнү бүтөт. Келүү мөөнөтү –бул сиз визаны колдонуудагы мөөнөт ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн мезгил аралыгы.


Колдоо кызматы/техникалык жардам
Мен капысынан электрондук визага менин билдирмемдин өздүк номери жөнөтүлгөн электрондук почтадагы билдирүүнү өчүрүп алдым. Эмне кылуум керек?

Бул маселе боюнча колдоо кызматына кайрылыңыз.


Виза түрлөрү боюнча маалымат


Дипломатиялык виза ("D" тиби) Кыргыз Республикасына кызмат иштери боюнча келген, дипломатиялык паспорту бар чет өлкөлүк жаранга таризделет.
Дипломатиялык виза төмөнкүлөргө таризделет:
- чет өлкөлөрдүн мамлекет жана өкмөт башчыларына, аларды коштоп келген үй-бүлө мүчөлөрүнө, ошондой эле чет өлкөлүк расмий делегациялардын мүчөлөрүнө - виза 30 күндүк мөөнөткө чейин, эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде башкача каралбаса же өз ара түшүнүү принцибине ылайык
- чет өлкөнүн дипломатиялык өкүлчүлүгүндө же консулдук мекемесинде дипломатиялык же консулдук кызматты ээлеген адамга, Кыргыз Республикасында иммунитеттер же артыкчылыктарды колдонгон Кыргыз Республикасындагы эл аралык уюмдун өкүлчүлүгүнүн кызмат адамына, ошондой эле алардын дипломатиялык иммунитеттер жана артыкчылыктарды колдонгон үй-бүлө мүчөлөрүнө (жолдошуна/жубайына жана балдарына, ошондой эле багуудагы ата-энесине), - эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде башкача каралбаса же өз ара түшүнүү принцибине ылайык 1 жылдык мөөнөткө чейин виза берилет
- чет өлкөлүк дипломатиялык курьерге - 90 күндүк мөөнөткө чейин виза берилет, эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде башкача каралбаса же өз ара түшүнүү принцибине ылайык.

Кызматтык виза ("О" тиби) Кыргыз Республикасына кызмат иштери боюнча кирүүчү, кызматтык/расмий паспорту болгон чет өлкөлүк жаранга берилет. Кызматтык виза төмөнкүлөргө таризделет:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын чакыруусу боюнча кызматтык иштери боюнча келген чет өлкөлүк жаранга 90 күндүк мөөнөткө чейин виза берилет
- Кыргыз Республикасындагы чет мамлекеттин дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн же консулдук мекемесинин администрациялык-техникалык жана тейлөөчү персоналынын мүчөсүнө, же Кыргыз Республикасында эл аралык уюмдун өкүлчүлүгүнүн кызматкерине, ошондой эле анын үй-бүлө мүчөлөрүнө (жолдошуна/жубайына жана балдарына, ошондой эле анын багуусундагы ата-энесине), эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминде башкача каралбаса же өз ара түшүнүү принцибине ылайык 1 жылга чейинки мөөнөткө виза берилет
- дипломатиялык почтаны ташуучу дипломатиялык паспорту болбогон чет өлкөлүк курьерге - эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминде башкача каралбаса же өз ара түшүнүү принцибине ылайык 90 күндүк мөөнөткө чейин виза берилет.

Инвестициялык виза ("I" тиби) Кыргыз Республикасында инвестициялык ишти жүргүзгөн жана өндүрүштүк, өнөр жай, айыл чарба, банк, энергетика, билим берүү, медициналык жана инженердик курулуш максатында, ошондой эле маалыматтык-коммуникациялык технологиялар үчүн арналган 10 (он) миллион сомдук суммага эквиваленттүү акчалай же материалдык баалуулуктардын өлчөмүндө Кыргыз Республикасынын экономикасына салымын ырастоочу керектүү документтерди тапшырган инвестордун өзүнө же чет өлкөлүк инвестициялык компаниянын башчысына 3 жылга чейинки мөөнөткө виза таризделет.

Эмгек визасы ("W" тиби) Кыргыз Республикасынын аймагында эмгектенүүгө же жеке ишкердик ишин жүргүзүүгө уруксат алганы келген арыз ээсине таризделет. Бул виза арыз ээсине эмгектенүү же жеке ишкердик ишти жүргүзүү укугусуз Кыргыз Республикасынын аймагына 60 күндүк мөөнөткө кирүүгө укук берет.
Эмгектенүүгө уруксат алганда арыз ээсине Консулдук кызмат жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы ТИМдин ЫӨ тарабынан эмгектенүү уруксатын колдонуу мөөнөтүнө, бирок 1 жылдан ашпаган эмгек визасы ("W" тиби) таризделет.

Атайын эмгек визасы ("SW" тиби) Кыргыз Республикасынын тышкы миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык ишке уруксат алуусуз, эмгектенүүнүн башка тартиби каралган арыз ээсине, ошондой эле кайрымдуулук фонддорунун кызматкерлерине 60 күнгө чейинки мөөнөткө таризделет.
Атайын эмгек визасы ("SW" тиби) ККД, Тышкы иштер министрлигинин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү же Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелери тарабынан миграция же аккредитация чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымкатынын (журналисттер жана кабарчылар үчүн) же мамлекеттик органдардын кайрылуусунун (Кыргыз Республикасынын аймагында долбоорлорду ишке ашыруучу кайрымдуулук фонддорунун кызматкерлери үчүн) негизинде, бирок 1 жылдан ашпаган мөөнөткө таризделет.

Окуу визасы ("S" тиби) Кыргыз Республикасына келүүчү арыз ээсине окуудан өтүү үчүн 90 күндүк мөөнөткө чейин таризделет.
Кыргыз Республикасынын аймагында окуу визасы ("S" тиби) Кыргыз Республикасынын аймагында катталган билим берүү мекемелеринде окуган учурда 1 жылга чейинки мөөнөткө таризделет.

Ишкердик виза ("В" тиби) Кыргыз Республикасына ишкердик максатта, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык уюмдар жана юридикалык жактар, ошондой эле экономикалык дипломатия боюнча долбоорлордун алкагында Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелери уюштурган сүйлөшүүлөргө, конференцияларга жана кеңешмелерге, спорттук иш-чараларга катышуу үчүн келген арыз ээсине 60 күндүк мөөнөткө чейин таризделет.

Айдоочулук виза ("Т" тиби) Кыргыз Республикасына эл аралык жүк ташуу үчүн жүк ташыган автотранспорт менен келүүчү чет өлкөлүк жарандарга таризделет.
Айдоочулук виза, эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминде башкасы каралбаса, же өз ара жактыруучулук принциптеринде арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын аймагына болгон бир жолку сапарында 30 күндөн ашпаган мөөнөт ичинде жүрүү шарты менен 6 айлык мөөнөткө чейин таризделет.

Атайын мейман визасы ("SG" тиби) Кыргыз Республикасына ар кандай ишкердик же жеке мүнөздөгү максаттар менен келген арыз ээсине Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын же Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин тапшырмасы боюнча 1 жылдан ашык эмес мөөнөткө таризделет.

Туугандар виза ("RL" тиби) жакын туугандарына келүү жана үй-бүлөсү менен кошулуу учурунда арыз ээсине 1 жылга чейинки мөөнөткө таризделет.
Зарылчылык болсо, качкын деп таанылган жакка ырастаган документтери болгон учурда, улуттук коопсуздук органы менен макулдашуу боюнча Туугандар бир жолку чыгуу-кирүү визасы ("RL" тиби) 60 күнгө чейинки мөөнөткө таризделет.

Мекен виза ("М" тиби) этностук кыргыздарга, кийинчерээк "кайрылман" статусун алуу мүмкүнчүлүгү менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын же Кыргыз ССРинин аймагында туулган адамдарга Кыргыз Республикасына келип кетүүгө же кайтып келүүгө 1 жылга чейинки мөөнөткө таризделет.
Зарыл учурларда "кайрылман" статусуна ээ болгон адамга Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - улуттук коопсуздук органы) менен макулдашуу боюнча чыгуу/кирүү мекен визасы 1 жылга чейинки мөөнөткө ("М" тиби) таризделет.

Туристтик виза ("TS" тиби) жеке мүнөздөгү ар кандай максаттарда, анын ичинде досторуна конокко келүү, медициналык кызматтарды алуу максатында Кыргыз Республикасына келүүгө ниеттенген арыз ээсине, эмгек же жеке ишкердик менен алектенүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында пайда алуу менен байланышкан башка аракеттерди жасоо укугусуз, бир жолу кирүү жана чыгуу үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө таризделет.

Тоо туризми үчүн виза ("МТ" тиби) Кыргыз Республикасына тоо туризми (альпинизм, сноубординг, треккинг, рифтинг, маунтинбайк, хели-ски, аскага чыгуу, музга чыгуу, фрирайд, скитур жана тоо туризминин башка түрлөрү) максатында келүүгө ниеттенген арыз ээсине 90 күнгө чейинки мөөнөткө таризделет.

Диний виза ("R" тиби) диний уюмдар менен кызматташтык аркылуу Кыргыз Республикасына келүүгө ниеттенген миссионерге дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксаты болгондо 60 күнгө чейинки мөөнөткө берилет.

Чет өлкөлүк адамдын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн виза ("FF" тиби) арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын аймагына кызматтык ("О" тиби), инвестициялык ("I" тиби), эмгек ("W" тиби), атайын эмгек ("SW" тиби), туугандар визасы ("RL" тиби), окуу ("S" тиби), ошондой эле жашап турууга уруксаттын же жашаган жери боюнча каттоонун негизинде (Кыргыз Республикасынын аймагында визасыз жүрүүгө тийиш болгон мамлекеттердин жарандарына карата) же "кайрылман" статусунун негизинде келген үй-бүлө мүчөлөрүнө (күйөөсү/аялы, 18 жашка чейинки балдары, жашы жете элек балдардын ата-энелери, ошондой эле майып балдар жана багууда болгон ата-энелер) эмгектенүү же жеке ишкердик менен алектенүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында пайда алуу менен байланышкан башка аракеттерди жасоо укугусуз 1 жылга чейинки мөөнөткө таризделет.

Транзиттик виза ("TR" тиби) Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзит менен үчүнчү өлкөлөргө баруучу арыз ээсине колдонуу мөөнөтү 5 күнгө чейинки мөөнөткө берилет.

Чыгуу визасы ("L" тиби) арыз ээсине Кыргыз Республикасынан чыгып кетүү үчүн өтүп кеткен жүрүү мөөнөтүн толуктоону эске алуу менен 10 күнгө чейинки колдонуу мөөнөтүнө берилет.

"Санариптик көчмөн "Digital nomad" визасы ("DN" тиби) санариптештирүү жана электрондук башкаруу жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өтүнүчү боюнча же "Санариптик көчмөн "Digital nomad" статусуна ээ болгон маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жана программалык продукттарды иштеп чыгуу чөйрөсүндө алектенген чет өлкөлүк жаранга жана жарандыгы жок адамга ККД тарабынан 6 айга чейинки мөөнөткө таризделет.